🔴 ҮЛГҮЛҮҮ ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН НАСААТТАРЫ
Ауф ибн Махламдин зайыбы Умама бинт Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:
«Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз.
Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсени айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:
► 1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне алып келсе да, бардыгын сүйүнүү менен кабыл ал.
► 2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып «жасаба» деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ий.
► 3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
► 4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби алар күйөөңдү жийиркентип, сенден көңүлүнүн суушуна алып келет.
► 5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
► 6. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегиндей сакта, ысырап кылба.
► 7. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
► 8. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
► 9. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал.
Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдаары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба».
═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
August 27, 2026 1.6K 14