ЫРЫСКЫМ КӨБӨЙСҮН ДЕСЕҢ АЛЛАХКА ГАНА ТАЯН ⠀ Аллах таала айтты: “Ким… — ТИЛМЕЧ — TG.ME

🔴 ЫРЫСКЫМ КӨБӨЙСҮН ДЕСЕҢ АЛЛАХКА ГАНА ТАЯН


Аллах таала айтты:
“Ким Аллахтан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал Аллах ага жетиштүү. Чындыгында Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсенин өлчөмүн белгилеп койгон”. [Талак сүрөөсү, 2,3-аяттар]

Бул аят туурасында пайгамбарыбыз ﷺ Абу Зар, радыяллаху анхуга, кайрылып мындай деп айткан:
“Оо, Абу Зар! Эгерде бардык адамдар ушул аятты колдоно билгенде, бул аларга дүйнө жашоосунда жетиштүү болмок”. [“Мустадрак”, Хаким]

Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
“Эгерде силер чыныгы тобокел менен Аллахка тобокел кылсаңар, анда Аллах силерге кушка ырыскы бергендей ырыскы берет эле – куш эртең менен курсагы ач учуп чыгат, кечинде курсагы ток кайтып келет”. [Тирмизи]


═══════════════
https://t.me/tilmech
https://t.me/tilmech
August 31, 2026 458 6