🔴 ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АДАМДАР ШАЙТАНДАН САКТАНА АЛЫШПАЙТ?
«Аьуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожийм» – мына ушул бир ооз сөз менен шайтанды кубалоого болот. Бирок көп адамдар бул сөздү айткан менен шайтандын азгырыгынан кутула албайт. Мунун себеби эмнеде?
Шайтандан сактануу сөзү – жоокердин колундагы кылыч сыяктуу. Эгерде кылыч кармаган кол күчтүү болсо, кылыч тийген жерин кыйып түшөт. Кылыч канча курч болбосун, кол алсыз болсо, анын шилтегени эч нерсеге жарабайт. Ошол сыяктуу эгерде шайтандан сактануу сөзү такыба адамдын оозунан чыкса, шайтанды качырат, ал эми такыбалыгы жок адам айтса, андан майнап чыкпайт. Адамдын оозунан чыккан сөзү анын ыйманына жана такыбалыгына жараша болот. Аалымдардын бири шакиртине кайрылып:
– Эгерде бир адам итин ээрчитип бара жатса, кокустан анын ити сага асылса, эмне кыласың? – деп сурайт.
– Мен аны колума келген нерсе менен уруп сактанамын.
– Ал кайра эле асыла берсечи?
– Мен аны андан да катуу урууга аргасыз болом.
– Эгер сен өзүң айткандай кылсаң, эч кандай майнап чыкпай калуусу да мүмкүн. Андан көрө, дароо эле иттин ээсине кайрылгын. Ал сени убара кылбастан сактап калат.
Бул окуядан түшүнүктүү болуп тургандай, биз бардык ааламдын Ээси болгон Аллах менен мамилени оңдосок, Ал бардык көйгөйлөрдү чечип берет. Бизди шайтандан сактоого Аллах Тааланын күчү жетет. Мариям энебизди өмүрү шайтан азгыра алган эмес. Аны энеси төрөп жаткан мезгилде, Аллахка кайрылып:
«Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, сага жалбарамын» – деп айткан эле. (Аалу Имран сүрөсү, 36-аят)
Аллах анын дубасын кабыл кылды. Шайтандан жана анын желдеттеринен сактануунун негизги жолу – Аллахка кайрылуу. Аллах Таала пайгамбарыбызга ﷺ кайрылып: «Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!» деп айткан. (Араф сүрөсү, 199-200-аяттар)
Дагы бир аятта:
«Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандын азгырыгынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын». (Муминун сүрөсү, 97-аят)
Демек, ким чын ыклас менен Аллахка кайрылып, шайтандын азгырыгынан сактоону суранса, Аллах аны шайтандын азгырыгынан сактайт.
═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
August 18, 2026 3K 9