🔴 УШУНДАЙ АДАМ БОЛ!
● Сени көргөн адам «мен да ушул адамдай болсом экен» деп тилек кылгандай адам бол!
● Сени билген адам «ушул адамга Аллахтын жакшылыгы болсун» деп дуба кыла тургандай адам бол!
● Сен тууралуу укса «ушул адамга бир жолуксам экен» деп эңсей тургандай адам бол!
● Сенин мүнөзүңдү, жүрүм-турумуңду көрүп «мен да ушул адамдай кулк-мүнөздүү болсом экен» деп өзүн оңдогонго себепчи болгондой адам бол!
● Кайда жүрсөң да, ким менен болсоң да, дайым адамдарга туура жол көргөзгөн, ыйманга үндөгөн, калыс сөз сүйлөгөн үлгүлүү адам бол!
● Бүткүл абалда Аллах каалагандай адам бол, мына ошондо Аллах сенин каалооң менен болот.
● Аллахка жүзүңдү бур, мына ошондо Аллах адамдардын жүрөгүн сага буруп коёт.
● Аллахты жүрөгүңө киргиз, мына ошондо Аллах дүйнөнү колуңа салып коёт.
● Аллахтын өкүм-буйругун аткар, мына ошондо Аллах өмүрүңө, ырыскыңа береке берет.
● Аллах тыйгандан тыйыл, мына ошондо Аллах Сени Өз мээримине бөлөйт.
● Аллах сени менен дайым бирге болушун кааласаң, анда сен дагы дайым Аны менен бирге бол.
● Аллах аткар дегенди аткар, ташта дегенди ташта, мына ошондо Аллах сени менен бирге болот. Эгерде Аллах сени менен бирге болсо, анда сага ким зыян бере алат? Эч ким! А эгер Аллах сага каршы болсо, анда сени Аллахтын азабынан ким куткара алат. Эч ким!
Андыктан Аллах каалагандай адам бол, ошондо Аллах сенин ар бир каалооң менен болот, сенин ички жана сырткы дүйнөңдү оңдойт жана адамдардын жүрөгүн сага буруп коёт.
ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

August 13, 2026 3.2K 15