КЫЯМАТТА УШУНДАЙ АДАМДАРГА СЫЙ КӨРСӨТҮЛӨТ Имам Ибн Ражаб аль-Ханбали… — ТИЛМЕЧ — TG.ME

🔴 КЫЯМАТТА УШУНДАЙ АДАМДАРГА СЫЙ КӨРСӨТҮЛӨТ

Имам Ибн Ражаб аль-Ханбали, рахимахуллах, айтты: «Алгачкы муундагы мусулмандардын биринин мындай дегени кабарланат: «Бизге мындай кабар жетти: кыямат күнү башка адамдарга сурак болуп жатканда сый дасторкон жайылып, анда көп орозо кармагандар тамактанып отурушат. Сурак берип жаткан адамдар айтат: «Оо, Раббибиз, биз сурак болуп жатканда, булар эмнеге тамактанып отурушат?». Ошондо аларга мындай жооп болот: «Алар ар дайым орозо кармашкан, а силер ошондо тамактанып жаткансыңар. Алар түнкү намаздарды окушкан, а силер уктап жаткансыңар».

📙 Латаиф аль-маъариф, 297

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
August 8, 2026 3.2K 5