🔴 ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР ОН ЖЕТИ
Абу Талиб аль-Маккий айтты:
«Чоң күнөөлөр жалпысынан он жети:
Төртөөсү жүрөккө тийиштүү: Аллахка ширк кылуу, Ага күнөө кылууну токтотпоо, Анын ырайымынан үмүт үзүү жана Анын азабынан өзүн коопсуз сезүү.
Төртөөсү тилге тийиштүү: жалган күбөгө өтүү, абийири таза адамды жаманатты кылуу, сыйкырчылык кылуу жана жалган ант берүү (б.а. жалганды чындык же чындыкты жалган кылып көрсөтүү үчүн берилген ант).
Үчөөсү курсакка тийиштүү: мас кылуучу ичимдиктерди ичүү, зулумдук кылып жетимдин мал-мүлкүн жеш жана билип туруп сүткорлук кылуу.
Экөөсү жыныс мүчөгө тийиштүү: зына кылуу жана бачабаздык (гомосексуализм).
Экөөсү колго тийиштүү: адам өлтүрүү жана уурулук кылуу.
Бирөөсү бутка тийиштүү: согуш майданында душман менен беттеште артка качуу.
Бирөөсү бардык денеге тийиштүү: ата-энени нааразы кылуу».
📕 “Аз-Заважир аън иктироф аль-Кабаир”
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
August 5, 2026 4K 11