🔴 САДАКАНЫ ТУУГАНДАРЫҢДАН БАШТА
● Салман ибну Аамир, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтканын уктум: «Кедейге берилген садакага садаканын сообу берилет. Ал эми тууганга берилген садакага эки эсе сооп берилет: садаканын жана туугандык катнашты бекемдөөнүн». | Тирмизи, 658
● Анас ибну Малик, радыяллаху анху, айтат:
«Абу Талха Мадинадагы ансарлардын арасынан курма багы көп эң бай адамдардан болгон. Ага байлыктарынын арасынан эң жагымдуусу Байруха деген курма багы болгон. Ал курма багы пайгамбардын ﷺ мечитине бет маңдай жайгашкан. Пайгамбар ﷺ кээде ал курма бакка кирип, таза суусунан ичип турчу эле. Анас, радыяллаху анху, айтты: «Качан гана Аллахтын: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деген аяттары түшкөндө Абу Талха пайгамбарга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Чындыгында Аллах таала: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деп айтыптыр. Ал эми менин байлыгымдын арасынан мага эң жакканы – Байруха курма багым. Ал курма багым Аллах ыраазылыгы үчүн садака болсун! Ушул жакшы иш аркылуу (сооп) камдоону Аллахтан үмүт кылам. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Каалаганыңыздай иштете бериңиз. (Бул ишти) Аллах көрүп турат» – деп айтты. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Кандай сонун! Бул байлык жакшы киреше алып келет, өтө кирешелүү байлык! Сен ушул (садаканы) тууган-туушкандарыңа бөлүп бергениңди туура көрүп турам» – деп айтты. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Сиз айткандай кылам» – деп айтты да, андан кийин Абу Талха туугандарына жана агаларынын балдарына бөлүп берди». |Сахих Бухари, 2769
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
July 31, 2026 3.7K 5