СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ЭҢ СОНУН ТАТЫМДАР Умар ибн Хаттаб, радыяллаху… — ТИЛМЕЧ — TG.ME

🔴 СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ЭҢ СОНУН ТАТЫМДАР

Умар ибн Хаттаб, радыяллаху анхунун, риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Зайтундун майын (тамакка кошуп) жегиле жана денеңерге сүйкөгүлө. Анткени ал берекелүү дарактан». (Тирмизи)

Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ үйүнө келип: «Жегенге бирдеме барбы?» – деп сурады. Үй-бүлөсү: «Бизде сиркеден (уксус) башка эчтеме жок» – деп айтышты. Анда аны дасторконго алып келип аны менен тамактанып жатып: «Сирке нанга кошулуп желүүчү сонун катык» – деп үч жолу айтты. Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». Талха ибн Нафи айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн Жабир, радыяллаху анхудан, укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». (Муслим)

Пайгамбарыбыздын ﷺ убагында уксус курмадан же жүзүмдөн жасалып нанга кошуп жегенге ылайыктуу болгон.

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
July 28, 2026 3.3K 11