Ас-саламу ьалайкум
Окурманым, амансынбы )
Кече жазамын деп насип болбой калды )
1 күн “унчукпай” өткөрдүңбү ?
Абалың кандай болду ?
Мен “сабакта жана меймандардын алдында” сүйлөгөндөн башка дээрлик ашыкча сөз кошподум. Кызыктай сезим болду. Дайыма сериал көрүп, китеп угуп, же подкаст угуп көнүп калыптырмын.
Дагы байкаганым кээде инсандардын арасында боштукту толтурууга аракет кылбоо жакшы эле нерсе экен.
Дегеним: инсандардын арасында сөзсүз эле сөз бийлеп турушу шарт эмес экен. Кээде тынчтык сөздөргө караганда маңыздуураак болот сыягы.
Анан да аз сүйлөгөн инсандын кадыр баркы көп сүйлөгөн инсандыкына караганда жогорураак тургандай сезилди.
Ооба, билем, “жан дүйнөңдөгү өзгөрүүчү?” деген суроону камдап турасын. Бирок, бул сурооңо берер жообум жок. Ушул нерсени, өзүм да кызыгып жаткан нерсени байкай албадым.
Балким 1 күндүк “унчукпоо” аздык кылаар.
Сенде кандай болду ?
Сен да аткарып көргөн болсон “🦋” ушул быйтыкча менен билдирсең түшүнүп алам, иншаа Аллах🤍













