💔АЖЫРЫМ
⠀
Эки дос биргеликте соода-сатык кылышчу. Бир күнү алардын бири шайтандын азгырыгына азгырылып, досуна кыянаттык кылды. Албетте, бул жерде анын нафси да өз таасирин тийгизбей койгон жок.
⠀
Бирок экөө тең бизнести биргеликте баштагандыктан, бири-бирине көнүп, үйрөнүп калышкан эле. Ошондуктан ажырап кеткилери келген жок.
⠀
Кыянаттык кылган дос: «Эми болоор иш болду. Кантсе да, ушунча жыл бирге иштедик. Досум мени кечирер», — деген ойдо жүрдү.
⠀
Экинчи досу да: «Ката кимден гана кетпейт? Кечирсем кечирейин», — деген жыйынтыкка келип калган эле. Бирок ошентсе да шеригин дагы бир жолу сынап көргүсү келди.
⠀
— Кел, досум. Бул иштин аягын акыретке калтыралы. Буга чейинки болгон иштерге көз жумуп, ишибизди келген жерден уланталы. Сен буга кандай дейсиң? — деди.
⠀
Ал бул сөзү менен досунун акыреттен корко турган-коркпой турганын билгиси келген эле.
⠀
— Жакшы ойлонупсуң, досум. Өткөн ишке салават. Ал жактарга кимдер барып келиптир? — деди досунун чечимин колдогон кыянатчыл шериги.
⠀
Анын бул сөзүн уккан замат биринчи досу башын чайкап, досу менен коштошууга камынды...
⠀
👤Эркин Малик
⠀
👤Которгон: Нуркамил Абдуллаев



