Киши менен учурашканда жылмай,
Жылмаюу жүрөктү жибитет.
Сага жакшылык келет десең
Адегенде өзүң жакшылык кыл.
Жылмайган жүз — көңүлдүн күзгүсү,
Жылмайуу — сүйүүнүн тили.
Кимге болбосун жылмайсаң,
Жарашат дүйнө өзүңө билинбей.
Жылмайуу — эң арзаны,
Бирок баасы жок байлык.
Күн сыяктуу жылмайсаң,
Көңүлдөрдү жарык кыласың.