Vision & Words: post #582 — TG.ME

Тарынч жана сабыр

Кээде адам баласы өзүнө эң жакын, ишенип таянган адамын өзү да байкабай таарынтып алат. Ошол учурда жүрөккө оор сезим түшүп, мамиле муздап калгандай сезилет. Бирок ар бир таарыныч – бул да бир сыноо. Эгер ал сыноону сабыр менен жеңе билсең, анын артында чоң түшүнүшүү, бекем мамиле жана чыныгы бакыт жашырып турат.

Ошондуктан кээде таарынычка дароо багынып бербей, сабыр кылып, жүрөктөгү жакшылыкты унутпай сактап калуу керек. Анткени сабыр бар жерде – тынчтык, түшүнүшүү жана бакыт да болот.
March 11, 2026 281