🔰 МУСУЛМАН АДАМ ҮЧ КҮНДӨН АШЫК ТААРЫНУУСУ АДАЛ ЭМЕС
Эки мусулман урушуп таарынышып кетишсе, үч күндөн ашырбастан жарашуусу керек. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (ﷺ) хадистеринде мындай дейт:
“Мусулман адамдын диндеги бир тууганына үч күндөн ашык таарынуусу адал болбойт. Алардын жакшысы - саламды биринчи баштаганы” (Бухари, 2559).
Мусулман адам бир туугандык мамилесине көлөкө түшүргөн, таарынычтардан жаман сыпаттардан алыс болуусу керек. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (ﷺ) хадисинде мындай дейт:
"Бири -бириңер менен байланышты үзүшүп кетпегиле, тескери карашып кетпегиле, кек сакташпагыла, ичи таардык кылбагыла. Оо, Аллах Тааланын пенделери! Бир тууган болуп жашагыла! Бир мусулмандын диндеш бир тууганына үч күндөн артык таарынып таштап койгону адал эмес".
(Бухарий: Адаб,57,58.)
"Мусулмандын диндеш бир тууганынын үч күндөн ашык таарынып таштап койгону адал эмес. Анда эки мусулман бет келсе бирөө биякты,бирөө тиякты карап басып кетишет. Ал экөөнүн эң жакшысы биринчиси болуп салам бергени" (Бухарий, Адаб,62)
Пайгамбарыбыз (ﷺ) мындай дейт:
"Бир мусулман бир мусулман бир боордошторуна үч күндөн ашык таарынып карабай койгон бойдон кокус ажалы жетип өлүп калса, тозоку болуп кетишине себепчи болушу мүмкүн экенин билдирген".
(Абу Дауд, Адаб,47)
“Ким өз бир тууганына сүйлөбөй таарынышып бир жыл таштап койсо, анда ал анын канын төккөн менен барабар” (Абу Дауд, 4915)
Пайгамбарыбыз (ﷺ) бул каталыкты жасаган мусулман эмне кылыш керектигин да баяндап мындай дейт:
"Бир мусулманды үч күндөн ашык карабай коюу адал эмес. Үч күн өткөн болсо, алдына барып салам берсин. Эгерде саламын алик алса, экөө тең соопко шерик болот. Эгерде саламына алик албаса, анда алик албаган адам күнөөкөр. Салам берген адам таарынычтан чыккан болот".
(Абу Дауд, Адаб,47)
Демек мусулман мусулманга таарынып, терс бурулуп кеткени, туугандык мамилени үзүп катташпай коюу, кандай гана жаңылыштык жана жаман иш экендигин билдик. Тилекке каршы азыркы учурда, бир тууган бир тууганы менен катташпай, болбогон бир нерсе үчүн таарынышып жүрүшөт, Аллахым баарыбыздын жүрөгүбүзгө ыйман берип, жүрөгүбүздөгү бирөөгө болгон таарынычты, көрө албастык, ичи таарлыкты жок кылсын.
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222