🏥Кыргызстанда адистештирилген Гепатологиялык борбордун курулушу башталууда
2026-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында болочок Гепатологиялык борбордун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Г.К. Аалиев, «Ильшат» коомдук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов жана башка расмий өкүлдөр катышты.
Гепатологиялык борбордун курулушу «Ильшат» коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргыз Республикасында боор оорулары менен жабыркаган бейтаптарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Гепатологиялык борбордун заманбап төрт кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Борбор «ачкыч тапшыруу» принциби боюнча керектүү медициналык жабдуулар, диагностикалык жана дарылоо аппараттары, ошондой эле катуу жана жумшак инвентарлар менен толук камсыздалат.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47053
🏥В Кыргызстане начинается строительство специализированного Гепатологического центра
29 августа 2026 года в Бишкеке состоялась торжественная церемония закладки капсулы в основание будущего Гепатологического центра на территории Республиканской клинической инфекционной больницы.
В мероприятии приняли участие Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Марлен Маматалиев, министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов, мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев, главный врач Республиканской клинической инфекционной больницы Г.К. Аалиев, основатель Общественного фонда «Ильшат» Анвар Маметов и др.
Планируется строительство современного четырехэтажного здания Гепатологического центра, которое будет сдано «под ключ» с необходимым медицинским оснащением, диагностическим и лечебным оборудованием, а также твердым и мягким инвентарем.

