📞 Өзүм чалып коем!
👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Амансыздарбы, байкасам көптөн бери жазбай калыптырмын, бул ирет жазып пост чыгарайын дедим.
❓ Билесиздерби, бизде аябай сонун бир маселе бар, “Өзүм чалып коем” – дейт, же жумуш издеген учурда, же кандайдыр бир маселе менен бир жерлерге барганда “биз сизге өзүбүз байланышып коебуз”, “биз сизге чалып коебуз” – дешет.
🔸 Жакында эле ушундай бир окуя болду, бир таанышым, “өзү чалып коем деди эле, күтүп жатам” – деп калды. Ошондо ага өз оюмду айтып калдым. Өзүң чала бер, алар сага чалышпайт деп.
🔸Бул жашоонун чындыгы ушундай экен, өзү чалып койбойт эч качан. Сиздин жумушуңуз үчүн, азыр бирөө сизге чалып койбойт. Жөн гана ушундай. Ооба, чынчыл адамдар бар, алар сөзсүз чалат, бирок жашоонун чындыгы, көпчүлүк азыр чалбайт. Мен деле эч кимге сөз бербейт, айрымдар айтат айтып коесузбу, чалып коесузбу, жазып коесузбу деп калышат, мен аларга айтам, мен унутуп калам, сиз чалып коюңуз, сиз сурап туруңуз деп эскертем.
🔸Чынын айтканда, сиздин жумушуңуз боюнча бирөө кайра сизге чалбайт. Жөн гана кээде соц тармактардагы шортс көрүп отуруп, унутуп калат. Же өзүнүн иши сиздикинен маанилүү, ал өз иши менен алек болот. Ошо, болгону эле ошол.
🔸Айрыкча АйТи тармакта жумуш издегендер, же деги эле башка жумуштарды издеп бирөөгө кайрылгандар деле, эч тартынбай эле, бир канча убакыттан кийин, бир учурашып коюңуз, мен иш менен кайрылдым эле деген маанини билдирет, акыбалын сурап койсоңуз эле, ал өзү сиздин ишти тездетип баштайт. Сиз чалбасаңыз, жазбасаңыз, ал деле аракет кылбайт, унутуп калат, же аа өзүнүн кызыгуусу жок экен, бул ишти алып деле кете албайт деп чечимди чыгарып, аракет кылган, чалып ал акыбал сураган адамды ишке алып коет.
✅ Ошо, өзүңүздү өнүктүрө бериңиз, өлкөнүн өнүүгүсүнө салым кошо бериңиз, а биз болсо өнүгүп, өсүп, алдыга жылып жатабыз, өлкөбүз үчүн пайда алып келүүнү улантып жатабыз.
✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол шаары, 21-июнь, 2026-жыл