Доктор Хусни Мабрук Долаьин - Иорданиядагы Ислам илимдери боюнча дүйнөлүк университеттин Ханафий фикхи факультетинин деканы, фыкых жана усулул-фыкых боюнча адис.
Ал Ханафий мазхабынын фыкых маселелерин, усулдук негиздерин жана заманбап маселелерди илимий негизде изилдеп келет. Доктор Хусни Долаъин бир катар илимий эмгектердин автору жана студенттерге фыкых жана усулул-фыкых илимдеринен сабак берип, илимий кадрларды даярдоого салым кошуп келет.
Анын жетекчилиги астында Ханафий мазхабын терең үйрөнүүгө, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана бул мурасты кийинки муундарга жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
https://t.me/kitepduinosy













