СЕН ЖӨНҮНДӨ ПОЭМАДАН
Сен болуп баардык жайдан караганым,
Шамалдай туш-тарапка таралармын.
Ачылып ырбап кетээр кайра баштан
Айыккан менин эски жараларым.
Ошондо өрттү көрсөң күйүп-жанган
Суу көрсөң аңтарылып агып жаткан.
Жер көрсөң тереңдерден титиреген
Куш көрсөң жалгыз учуп бара жаткан.
Күн көрсөң көз жаш төгүп ыйлап турган
Түн көрсөң көөдөй кара ит улуган.
От көрсөң жалгыз күйгөн тоо башынан
Жапжалгыз кайык көрсөң толкун урган.
Эгер сен бала көрсөң улутунган,
Эң катуу ыза көрсөң турмушуңдан,
Мас көрсөң ыйлап аткан, ырдап аткан
Жаш көрсөң бир муңайым бара жаткан.
Анан да буюм көрсөң кыйрап сынган
Бак көрсөң бороон уруп шагы сынган.
Ошонун баарын мен деп биле бергин
Көзүңө көрүнгөндүн баары менмин
Жалдырап сени тилсиз тиктеп турган.
—Омор Султанов
