03.02, 20:08] Света: 1. Жараткандын үнү
Мени көктөн издебе өзүңдөмүн,
Ар убакта сүйлөгөн сөзүңдөмүн.
Мээрим төккөн Аруузат сезимиңде,
Көрүп турган күндөкү көзүңдөмүн.
Мени издеп тиленбе өзүңдөмүн,
Көкүрөктө жүрөгүңдүн төрүндөмүн,
Сүйүнүчтү,кубанычты айтып турган,
Жаркылдаган жайдары жүзүңдөмүн.
Мени алыстан издебе каныңдамын,
Нурун чачкан жаңы аткан
таңыңдамын.
Эл журтуңа Ак Батаңды жайып турсаң,
Колдоп, коштоп мен сенин жаныңдамын.
Мени түштөн издебе өңүңдөмүн,
Таңдан кечке жаныңдан бөлүнбөймүн.
Ар бир кылган ишиңди көрүп турам,
Ак пейилден ырыскың төгүлгөнүн.
Мени эч жерден издебе боюңдамын,
Күндө сени жетектеген оюңдамын.
Түбүн түптөп бак таалай ырыскыңдан,
Адашпа!-деп ар дайым жолуңдамын.
Мен так эле сага окшошмун өзүңдөймүн,
Улуу чындык көкүрөктө көрүнбөймүн.
Ыйманыңды таза сактап түз жолдо бол,
Тагдыр сынап чайпалтса да төгүлбөгүн.
Ачуулансаң мен сага таарынамын,
Бөлүп жарып өзүңдү каарыбагын.
Ичи тардык арамдык ойноп кетсе,
Ойлоп койгун, анда мен каарыма алдым.
Оомат кетип чырмаган оору келсе,
Кызмат кетип чыркыраткан кырсык берсе.
Сен ошондо издегин мени өзүңдөн,
Адаштымбы,эмнеден?- деп бакыт берсе.
Эмгегиңдин үзүрү болбой турса,
Балдарыңдын бактысы жанбай курса.
Анда дагы издегин мени өзүңдөн,
Касиетти түрткөм деп кармап турса.
Бакыт берип чайкаймын кармап кал! - деп,
Байлык берип байкаймын тазаргын! - деп.
Бийлик берип бийлигиңди карап турам,
Менин колдоп турганымды алкайбы деп.
Жерден сени так өзүмдөй көргүм келет,
Мээримдүү,кечиримдүү аппак нийет.
Байлык менен бийлике колуң булгап,
Бакытыңдан айрылба аруу тилек.
Бул жашоонун ачкычын сага бердим,
Менден сага арналган сыйкыр белек.