Үйдөгүлөргө да укпай калган айтыштарымды, подкасттарымды угузуп каникулду да бүтүрдүм.🥹🫶
"Аа, үй деген ушундай жакшы нерсе да...."- дейт, жашы токсонго таяп калган чоң энем. "Өз үйүм, өлөөр төшөгүм"- деп, бир жака чыкса да бат эле келе калчу адаты бар. Макалдатып сүйлөгөн тили менен, жаш бала кыял-жорук, мүнөзү менен эч жерге батпаган, өз баласы болсо да жаман төшөгүндөгү комфортту издеп, убагында күн көрсөтпөгөн кичине келиндин көзүн карап, жанынан чыккысы келбей калган куракка келген. Ушул 90 жылдык өмүрдү карап айтам да: эмне кереги бар беш күндүк жалган дүйнөдө адамдар менен алектенип жашап. Атаандашкандын ордуна сыйлашып жашасак, жаман көргөндүн ордуна жакшы күмөн кылсак, бирөөнү жаман көрсөтө калып өзүбүздү аппак көрсөткөнчө; сыйлашып, урматташып, жакшы көрүшүп жашасак не болот дейм да. Өзүбүз эле баарын кыйындаштырабыз негизи. Биз кайсы жолду тандасак да бул жашоо барибир өтүп кетет. Колубузга таяк карматып, көзүбүзгө топурак чачып, үстүбүздү жер менен жаап коёт. убакытты убал кылбайлы..."
#жаШөө
7
1August 29, 2026 107

