☘️ ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР ☘️
_Абу Зар ( разияллооху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): *"Албетте, жүрөгүнө ыйманды уяалаткан, (б. а., чындыкты) сүйлөткөн, ички жан дүйнөсүн (Алланы эстөө жана моюн сунуу менен) ырахаттандырган (канааттандырган). Жүрүм - турум, адеп-ахлагын оңдогон, кулагына акыйкатты (чындыкты) угуздурган, көздөрүнө (ыйман жолун) көрсөткөн адам ийгиликке (бактылуулукка) чындап жеткен болуп саналат"* -деди. (Ахмаддын " Муснады" ).
🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃
Жабир бин Абдулла (разияллооху анху)дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уктум: "Аллага эч кандай шерик кошпой жолуккан адам бейишке кирет. Кандайдыр бир нерсени шерик кошкон - тозоко кирет" -деди. (Муслим).
📘 Тандалган хадистер
https://t.me/Juroktordunachkychy
Forwarded fromЖуроктордун ачкычы🫀✨
1June 7, 2026 102 2